14-22-ноябрда БАЭде Абу Дабиде джиу-джитсу боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү. Анда 70 тен ашык өлкөдөн спортсмендер келип катышышты. Аталган чемпионатка Кыргызстандан биринчи жолу 14 спортсмен барды.

Кыргызстандын атынан чыккан Абдурахман Муртазалиев 85 кг салмакта, төрт атаандашын утуп финалдык баскычта гана жеңилип, натыйжада эркектер арасында джиу-джитсу боюнча күмүш медалга ээ болду.

Мындан тышкары жаштар арасында Гиёсов Махди жана Абдыбеков Шабданбек экөө коло медаль утушуп, жалпысынан Кыргызстан үч байгелүү сыйлыкка татып куржунга үч медаль салышты.

КР нын джиу–джитсу федерациясынын президенти Абдурахман Муртазалиев, кыргыз элине ыраазычылык билдирип андан тышкары джиу-джитсу федерациясынын өнүгүшүнө көптөн көп салымын кошуп келе жаткан Тимур Файзиевди баса белгилеп ага ыраазычылыгын айтып кетти.

Мен Тимур Файзиевге да ырахмат айткым келет. Федерацияга көптөгөн салымдарын кошуп, биздин команданын да бул жерге келишине жардам берди.”- деп белгиледи Муртазалиев.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 79