Айыл-чарба министрлигинин өкүлдөрү Жети-Өгүздө дыйкан, фермерлер менен жолугушту

81

Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери 28-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жергиликтүү фермерлерге, дыйкандарга окутуу өткөрүштү.

Министрликтин өкүлү Жигитали Жумалиев дыйкандарга сапаттуу үрөндү колдонууну сунуштады.

Биз дыйкандарга кайсы үрөндү колдонуу керектиги жөнүндө сунуштарды беребиз. Органикалык экологиялык таза өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз“, – деди ал.

Мындан тышкары министрликтин адистери дыйкан, фермерлерге малдарды жасалма жол менен уруктандыруу, жасалма дарылар менен чыныгы дарылардын айырмасы тууралуу түшүндурүп беришти. Жолугушуу суроо жооп менен жыйынтыкталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь