Бүгүн 29-ноябрда жарандык жана саясий укуктарды коргоо, мигранттардын, чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын жана аскер кызматынын мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо эксперти, КР акыйкатчысы УКМКнын убактылуу кармоочу жайындагы Афтандил Жоробеков менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Жоробековдун жанында анын адвокаты Тимур Султанов жана “Адилет” укуктук клиникасынын орун басары Бектур Осмонбаевдер бар болгон. Жолугушууда кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордон эки өкүл катышты.

Афтанди Жоробеков кармоо шартына жана тамак аш жагынан арызданган жок. Аны дарыгерлер текшерип эч кандай кыйноолор жана коркутуулар болбогондугун билдиришкенин айтты. Мындан сырткары ал айкыкатчыга ооз эки же жазуу түрүндө кайрылуудан баш тартты.

Эске сала кетсек кечээ 28- ноябрда УКМК акыйкатчылардын жана кыйноолордун алдын алуу Улуттук борборунун өкүлдөрүнө Жоробеков менен жолугушууну тыюу салган. Муну алар “териштирүү иштери жүрүп жатат” деп түшүндүрүшкөн.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: