Казакстандын “Астана” клубу Англиянын “Манчестер Юнайтед” клубун 2:1 эсебинде утуп алды.

Оюн Европа лигасынын тайпалык этабынын бешинчи турунун алкагында Нур-Султанда өттү. Талаага “Манчестер Юнайтед” клубунун резервдеги курамы чыккан.

Биринчи тайм 0:1 эсебинде британдыктардын пайдасына аяктаган. Экинчи таймда казак футболчулары оюндун башында бир гол киргизди. Таймаш ортолоп калганда атаандаштары өз дарбазасына гол киргизип алып, казак оюнчулары алдыга озуп чыкты. Жыйынтыгында эсеп 2:1 болуп, “Астана” клубу жеңишти камсыздады.

Командагылар төмөндөгү курамдар менен оюн талаасына чыгышты:

“Астана”: Ненад Эрич (капитан), Дмитрий Шомко, Евгений Постников, Юрий Логвиненко, Антонио Рукавина, Иван Маевский, Абзал Бейсебеков, Рунар Мар Сигурьонссон, Дорин Ротариу, Роман Муртазаев, Сергей Хижниченко.

“МЮ”: Грант, Туанзебе, Бернард, Шоу, Лейрд, Гарнер, Левитт, Лингард (капитан), Гомес, Чон, Гринвуд.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 53