Социалдык тармактагы “БеспределKG” баракчасынын администратору Афтандил Жоробеков тергөө менен кызматташа баштады. Бул тууралуу VB.KG өздүк булактарына таянып жазды.

Маалым болгондой, Жоробеков чагымчыл материалдарга кимдер буйрутма берип жүргөнүн ачыктаган. Бирок азырынча алардын аты аталган жок.

“Орган кызматкерлери Жоробековдун туура эмес аракеттерине бир нече жолу эскертүү берип, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүндүгүн эскертишкен болчу. Бирок ага карабастан аймактар аралык жаңжалды козутууга үндөгөн жалган жана чагымчылдык мүнөздөгү маалыматтарды таратып, колдонуучулар арасында каршы ойлорду жаратып, бири-бирин жек көрүү түрүндө улуттар аралык касташууну жараткан постторду чыгарганын токтоткон эмес“,-деп билдирет булак.

Учурда Афтандил Жоробеков тергөө менен кызматташып, материалдарды чыгарууга кимдер акча төлөп жүргөнүн айтып берди.

Эске салсак, “БеспределKG” группасынын администратору Афтандил Жоробеков 24-ноябрда кармалып, соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилген. Бүгүн КР акыйкатчысы Токон Мамытов Жоробековго барып жолугушту. Камалган жарандын кармоо шартына нааразычылыгы жок экенин билдирген.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: