Бишкек шаарынын абасынын учурдагы абалына дизайнер Алексей Лысогоров да көңүлүн бурду. Ал шаардын түтүн баскан логотибин иштеп чыкты.

Логотипте жашыл түстө “Бишкек” деп жазылып, аны кара түтүн менен айлантып койгон.

Дизайнер өзүнүн  Facebook баракчасына “чындыктарды эске алуу менен, бул логотип Бишкек шаарынын жаңы туристтик бренди”,-деп жазып чыкты.

Алексей бул логотипти футболкаларга, кружкаларга жана телефондун чехолдоруна колдонууга сунуш кылды.

Ал эми, логотиптин “ачылышына” 7 миллион сом турган Санк-Петербург шаарынын логотибинин сүрөтүн колдонгон.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...
Просмотров: 27