Одессада гинекологдор өзүнүн иш бөлмөсүнө жашыруун камераны коюп, келген кардарларды видеого тартып турган. Алар видеону чет элдик порносайттарга сатып акча табууну көздөшкөн. Бул тууралуу НТВ маалымдайт. 

Бир жылга жакын убакыттан бери бул иш менен алектенип келе жаткан дарыгерлердин кылмышын актриса билип ачыктаган. Актриса өзүн чоңдор үчүн арналган сайттардын биринен көрүп калган. Съемка болгон жайды жана андагы дарыгерди дароо тааныган. Мындан кийин актриса полицияга арыз менен кайрылган.

Тинтүү учурунда дарыгердин бөлмөсүнөн порнографиялык роликтердин архиви: флешкалар, катуу диск жана кардарларды кароо учурунда тартылган видеожаздыруулар табылган. Медицина кызматкерине каршы “порнографияны даярдоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: