Кечээ Бишкек шаарында ЖККУнун саммити өтттү. Мамлекеттик деңгээлдги иш-чаранын журүшүндө негизги делген көчөлөрдүн дээрлик бардыгы жабылып, 4000 милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздады.

ИИМден белгилегендей, коомдук тартипти көзөмөлдөөчүлөр кызмат өтөөгө керектүү бардык нерселер менен камсыздалган. Ысык тамак уюштурулуп, кезектешип нөөмөткө туруу жана жылынуучу пункттар жасалган.

Бирок Facebook тармагынын колдонуучусу Сыймык Жапыкеев милициялардын белгисиз имараттын ичинде печкага жылынып отурган сүрөтүн жарыялады. Бир кызматкер бутун отко кактап жатканын көрүүгө болот. Автордун айтымында сүрөттөрдү ага милициялар өздөрү жиберген.

” Эшикте ит өлгөн суук, 20 мүнөт жүрүш мүмкүн эмес, тоңуп каласың.  Милицияга эмне деген мамиле ? Уят өкмөткө уят. Же тамак, ысык чайы кана? Булар эки күн эшикте түнөштү. Ойлосоңор?”,-  деп жазган.

 

Ал эми ИИМ аларга жылынуучу пункттарды уюштурганын, райондук администрацияларда кошумча чатырлар тургузулганын айтты. Термос менен ысык чай жеткирилип, ал үстүнөн эч ким сутка турган эмес деп билдирет. Милиция кортеж өткөн учурда гана курчоодо турбаса, калган учурда имараттардын ичинде болгон деп ишендирүүдө.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...
Просмотров: 58