Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде өтүп жаткан конференцияда сөз сүйлөө үчүн трибунага чыгып бара жатып, чалынып кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Ага ылайык, көп тараптуу соода темасына арналган бул конференцияга соода жана өнөр жай тармагынын өкүлдөрү катышкан.

“Ангела Меркель трибунага чыгам деп тепкичти байкабай, аз жерден жыгылып кете жаздады. Канцлер чалынып, бирок кайра туруп кетти. Трибунага чыккан соң, тепкичти байкабай калганын, кийинкиде сөзсүз аны колдонорун айтып тамашалады”, – деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, канцлер конференцияда Дүйнөлүк соода уюмунда өзгөртүү жасаш керек экендигин белгилеп өттү.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 68