Тамак-аш өндүрүүчү “Дар земли” ЖЧК тарабынан өндүрүлгөн “Маринаддалган бадыраң” даяр продукциясын колдонууда 1 адам жабыркаган ботулизмдин 1 учуру катталды. Бул тууралуу Элдик Медиага саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

“Дар земли” ЖЧКы ишканасынын 2018-жылдын июль айында маринаддалган бадыраңдарынын калдыктарын лабораториялык изилдөөдөн өткөрүүдө “B” тибиндеги ботулизмди козгогуч жана уу (Cl. botulinum) табылган. Өндүрүүдө технологиялык процесстин бузулушу мунун ыктымалдуу себеби болушу мүмкүн.

Азыркы учурда өндүрүүчүгө карата чара көрүлүп, соода тармагындагы   маринаддалган бадыраңдардын калдыктарын алып салууга санитардык көрсөтмө берилгени айтылат.

” “Дар земли” ЖЧК соода маркасынын 2018-жылдын июль айында даярдалган продукциясына туш келсеңиз, аны сатып алуудан жана колдонуудан баш тартып, соода түйүндүн администраторуна кайрылып, сатыктан алып салууну эскертип коюңуз. Ошондой эле, аймактык оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл борборлоруна билдирип коюунуздарды суранабыз“, -дейт аталган министрликтен.

2019 -жылдын өткөн мезгилине карата бардыгы болуп 64 адам тамак-аштан ууланган “ботулизмдин ” 43 учуру катталган.  Бардык учурлар үй шартында консервацияланган тамак-ашка байланыштуу болгон.

Ботулизм- тама-аштан уулануунун эң оор жана коркунучтуусу.

Макала жактыбы?

НетДа
6
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 632