Бишкектин Биринчи май райондук сотуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинди. Анын адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президент мажбурлоо менен соттук отурумга алынып келингенин айтты. Бирок Атамбаев жаш балдарды кыйнабай келүүгө макул болуп, күч колдонулган жок деп билдирди.

Ал эми “Апрель” каналынын түз эфиринде өзүн тааныштыргысы келбеген ЖАМКнын өкүлү Алмазбек Атамбаев өз каалоосу менен келгенин ырастады. Ага эч кандай күч колдонулган жок.

Атамбаев 4 кызматкердин коштоосунда залга киргизип кеткени айтылат. Учурда күтүү залында отурат. Соттук отурум жабык өтүп, журналисттер киргизилген эмес.

Сот жыйынына катышуу үчүн А.Кодуранова, К.Жолдубаева, уулу Кадыр Атамбаев ж.б. келди.

Белгилей кетсек, Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу баштапкы соттук жыйынга катышуудан баш тартып келген.

Макала жактыбы?

НетДа
8
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: