Экс-депутат Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев менен бирге жасалган ИИМдин мыйзамсыз иштерине нааразылыгын билдирип чыккан Бишкек шаарынын жашоочусу Сергей Гавришев президент Сооронбай Жээнбеков жана Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Менин үй-бүлө мүчөлөрүмө жана өлкөдөгү жарандардын тагдырына тиешелүү болуп жаткандыктан мен сиздерге түз кайрылууга мажбур болдум. Ошондой эле сиздерге добушун берген шайлоочу катары кайрыламын. Акыры теңтуш катары айтайынчы, сиз экөөбүздүн жаш курагыбыз бир. Биз кабылган окуя 6 жылдан бери созулуп келе жатат. Сөз менин уулума жана башка жүздөргө карата козголгон кылмыш иши жөнүндө болуп жатат. Тергөө таптакыр жасалма документтерге таянып жатат. Тилекке каршы бул иштин аягы көрүнчүдөй эмес, ошондуктан сизге кайрылгандыгымдын себеби, сиздердин кийлигишүүңүздөр менен акыры бул башаламан ишке чекит коюлсунчу. 

ИИМдин башкы тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору Урмат Баялиев жалган документтердин негизинде кылмыш ишин козгогон. Бул эл аралык деңгээлдеги аферист Сергей Богдановдун буйрутмасы менен жасалган иш. Менимче бул иште Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев жардам берген, ал укук коргоо органдары менен байланышууну камсыз кылып турган. 

Өзүнүн кызматынан пайдаланып, башка адамдардын тагдырын талкалаган, тынч жашоо бербей аларга физикалык күч колдонгон адамдарга көңүлүңүздөрдү бургум келди. 

Мен сиздин небереңиз менен түшкөн сүрөтүңүздү көргөм, менде дагы неберем бар. Биздин неберелерибиз өлкөбүздө ыңгайлуу жана эркин жашашын каалайт элем”, -деп билдирүүсүн жазады Гавришев.

Виктор Гавришевдин толук кайрылуусун төмөндөгү VB.KG жарыялаган видеодон көрүңүз:

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...
Просмотров: 163