Мурдагы президент тергөөгө тоскоолдук кылды деп айыпталууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш тергелип жатканда Атамбаев суракка баруудан баш тарткан.

“Айыптоо боюнча билдирүүдө тергөөчүнүн талаптарын аткарбоо боюнча беренени кошумча киргизишти”, — деди ал.

Ал ошондой эле кийинки, 6-декабрга белгиленген сот отурумунда Алмазбек Атамбаевди мындан ары сотко чакырбоо тууралуу өтүнүч киргизээрин, мурдагы президент процесске катышуудан баш тартып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, кечээ 29-ноябрда коррупция беренеси менен айыпталып жаткан Атамбаевдин иши каралды. Соттук отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев келип катышты.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 130