Жайыл районунун Степной айылындагы №2 аялдар абагында «Күз балы – 2019» сынагы өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Сынакка ЖАМКтын борбордук аппаратынын кызматкерлери, «Келечек» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү жана башкалар чакырылган. Иш-чарага 4 команда катышып, катышуучулар бий өнөрүн тартуулап, мода көргөзмөсү да уюштурулду.

«Бардык командалар жакшы даярданышкан. Ошондуктан калыстарга мыкты команданы тандоо жеңил болгон жок. Жыйынтыгында “Мыкты команда” наамын 4-отряддын командасы жеңип алды», – деп айтылат маалыматта.

Сынактын жыйынтыгында калыстар катышуучуларга грамота, белек жана гүл тапшырышты. Андан кийин коноктор үчүн концерт уюштурулду. Иш-чаранын соңунда №2 мекеменин башчысы Нургүл Жумаканова катышуучуларга, конокторго жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 86