Санариптик  трансформация – инновациялык чечимдердин жардамы менен экономиканын жаңы креативдүү чөйрөсүнө жол ачат. Буга Жогорку технологиялар паркы жана анын резиденттери чоң роль ойнойт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылыш аземинде билдирди.

«Биз акыркы жылдары аймактарды жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүүгө абдан чоң көңүл буруп жатабыз. Бул үчүн, баарынан биринчи шарттарды түзүү керек. Биз аянтча бөлүп бердик жана анын жаңы кеңсесин ачылышына катышып жатабыз. Бул өлкөдөгү IT-компаниялардын бир жерде жана чогуу-чараан иштөөсү үчүн маанилүү», – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мындай иштин натыйжасы эмитен эле көзгө көрүнө баштаганын белгиледи.

«2019-жылдын 3 кварталында Жогорку технологиялар паркынын 77 резидентинин биргелешкен кирешеси бүгүнкү күндө 681 млн сомду түздү. Бул жерде 700дөн ашык киши иштейт. Ресурстардын биригиши – бул жөн гана тренд эмес, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү жана санариптик өзгөрүү үчүн натыйжалуу инструмент. Биз санариптештирүүнүн алкагында мамлекеттик башкарууну электрондук форматка өткөрүү аракетин көрүп жатабыз. Учурда «Санариптик Кыргызстан» концепциясын жүзөгө ашыруу боюнча бекитилген Жол картанын алкагында жумуштар жасалууда. Биргелешкен иштердин мындан ары да натыйжалуу болушунда Жогорку технологиялар паркындагы адистердин ролу чоң», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы расмий сайты Жогорку технологиялар паркынын программисттери тарабынан иштелип чыкканын айтты.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган салыктык жеңилдетүүлөр номарларынын алкагында Жогорку технологиялар паркынын резиденттери түзүлгөндон бери салыктан жана камсыздандыруу төгүмүнөн 15 жылга бошотулган.

Макала жактыбы?

НетДа
3
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 88