Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Сопковдун баш коргоо чарасы тандалып, 2020-жылдын 28-январына чейин калтырылды.

Башкы прокуратура тарабынан Э.Сопоковго карата төмөнкү беренелер боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды:

– Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу). 34 СС 2902 дипломатиялык номуру тагылган «Лэнд Ровер-Рэндж Ровер» унаасын башка адамдарга, анын ичинде А.Саимаитиге берүү факты;

– Жазык кодексиндеги 323-берененин 2-бөлүмү (мыйзамсыз баюу). Сопоковдун 200 000 доллар акча каражатын алып, мыйзамсыз баюусу, 47,6 млн сомго кыймылсыз мүлк алуу фактысы;

– Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу). Сопоков жубайынын чет өлкөдөгү иш сапары үчүн 30 пайыздык төлөм алып, бирок жубайы иш сапарга барган эмес. Ал 31 040 доллар чыгым келтирген.

Макала жактыбы?

НетДа
4
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: