Австралиянын эң элиталуу райондорунун бириндеги үйдөн $153 миң долларды түзгөн байлык уурдалды.

Расмий эмес маалыматтарда хан сарай Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаевага таандык болгон деп жазат knews.kg Singapore star басылмасына шилтеме берип.

Пойнт-Пайпер району эң кымбат кыймылсыз мүлк менен чыгыш Сиднейдеги белгилүү аймак. Forbes берген маалымат боюнча, шаар четиндеги кыймылсыз мүлктүн орточо баасы 2,5 млн австралия долларын түзөт. Аталган райондо Австралиянын мурдагы премьер-министри Малкольм Тернбулл, өлкөдөгү ири корпорация жана медиа-холдингдин ээлери, эң бай адамдар жашашат.

Үйдүн кароолчусунун айтымында, үй ээлери хан сарайга сейрек келишет. Уурулар кирген күнү ал жумушка, түштөн кийин келген. Үйгө кирип үн жандыргычтын өчкөнүн, сейф ачылып, айрым искусство буюмдары тонолгонун көргөн.

Расмий маалыматта, кыймылсыз мүлк Кипрдеги чет жердин оффшордук компаниясына катталган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 96