Аламүдүн районунда адам өлтүргөн 4 жаш жигит кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ала-Арча айылынынын тургунунан 29-ноябрь күнү кабар келип түшкөн. Ошол күнү 20:30дар чамасында азиат түспөлүндөгү 4 киши 46 жаштагы тургундун үйүнө медициналык бет кап менен кирип барып, өзүнө жана 19 жаштагы уулуна бычак менен сайышкан. Уулу алган жаракатынан улам Бишкек шаардык ооруканаларынын биринен өзүнө келбей көз жумган.

Кылмышка шектүүлөр 30-ноябрь күнү кармалышты.  Шектүүлөр 19 жаштагы Б.С. жана М. Ж., 21 жаштагы Р.Б., 18 жаштагы Ч. Ш. аттулар колго түшүшкөн. Алар Бишкек шаарынын ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Аталган иш боюнча атайын экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүдүрүш иштери улантылууда.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...
Просмотров: 33