“Батышка отчётун берди. Алган акчасын актады. Биздеги Роза Отунбаева, Равшан Жээнбеков баш болгон бей өкмөт уюмдар батыштын саясатын кыргызга жайылтып, аны калың журтка сиңирген иш- аракеттери үчүн эл аралык деңгээлдеги алкыштарды алып жатышат”, деген пикирин бүгүн Элдик Талкуу программасында V чакырылыштын депутаты Надира Нарматова билдирди.

“Бизде эл аралык деңгээлдеги сүрөт көргөзмө уюштурабыз деген шылтоо менен, феминисттик көз караштагы элдерге моралдык, психологиялык терс көз карашты калыптандырган мазмундагы көргөзмө сунуш кылышты. Азыркы иштеп жаткан бийликтин аброюна шек келтирүү үчүн үчүнчү ирет ар кайсыл атты жамынып митинг өткөрүштү. Биринчиси – быйыл 7-мартта Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Эдил Байсаловдор баш болгон гей-парад болгон. Экинчиси- өткөндөгү Матраимовго шылтоо кылып аянтта жалаң эле ошол мурунку гей парадды уюштурган жүздөр жүрдү. Коррупцияга же Раим Матраимовго каршы бир да сөз уккан жокпуз. Анткени, алардын максаты башкада экени айдан- ачык эле белгилүү болчу. Үчүнчү жолу – мына кечээ өткөн музейде жылаңач аялдарды бастырып, ич кийимдерин чакырыктарды жазып илип койгон уят көргөзмө болду.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери эле бей өкмөт уюмдар кыргыз элинин кыйынчылыкка дуушар болгон артта калган аярлуу жерлерди таап аларды пайдаланып чет мамлекеттерден олчойгон каражаттарды алышат. Ал каражаттар кандай максатта, канча каражат жумшалып жатканын эч ким билбейт. Бей өкмөт уюмдардын жоопкерчилиги карала турган мыйзамды 5- чакырылышта көтөрүп чыкканбыз. Бирок, ал колдоо тапкан эмес. Себеби,ушул күнгө чейин депутаттардын арасында да бей өкмөт уюмдардын мүчөлөрү бар.

Батышты колдогон “Азаттыктын” эки мүчөсү отурат. Алардын аракети менен бул мыйзам жылбай ордунда турат. Булар (бей өкмөт уюмдар) болгону минюсттан каттоодон өтүп белгилүү бир өлчөмдө патент, соц. фонд төлөйт. Болгону ошол. Текшергенде деле ачыкка чыкпайт. Ошондуктан булардын кыймыл аракетин, жоопкерчилигин көзөмөлгө алуунун бирден бир жолу- мыйзам кабыл алыш керек. Укук коргоо органдары мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алганга шарт түзүлмөк. Антмейин булар каалаганын кыла берет. Роза Отунбаеваны бир кездеги журт башчы катары, кыргыздын илим билимдүү тажрыйбалуу саясатчы катары буга чейин абдан сыйлачумун. Ал адам канчалык деңгээлде чет өлкөдө, батышта деңгээли бар экени ал өзүнчө маселе. Бирок, музейге барган күнү да ал көрүнүштү тыйыш керек болчу. Акыркы мезгилдеги бей өкмөттөр менен биргеликте алып барып жаткан иштери коомчулукка жакпайт. Конституцияда экс-президент саясатка аралашканга болбойт. Бирок, Отунбаева элдик киши болуп жүрө бербей, бей өкмөт менен аралашымыш болуп ички саясатка аралашкысы келгени көрүнүп эле жатпайбы. Кыргыз мамлектинин ичинде аялдардын укугу тебеленип жатан жок. Үйдө кожоюн-аялдар болуп калды. Эркектер аялдарга кандай укукту берип койгонун билбей калды. Бир роликти тартып аны бетине кармап алып ар кандай митинг, акция уюштуруш жакшы эмес. Кыргызда аялды, энени, кыздарды сыйлаган кудайга шүгүр. Керек десе феминизмге таянып алып, кыздар атасына каяша айтып, улууну сыйлабай, аборт кылганда акым бар дедиртип, каада–салтты тебелеген долбоорлорду алып келип жатышат”- дейт Надира Нарматова.

Чуулгандуу музейдеги уят көргөзмө

Чуулгандуу музейдеги уят көргөзмө

Posted by Элдик медиа Дадим слово каждому on Monday, December 2, 2019

Макала жактыбы?

НетДа
11
1
Loading...
Просмотров: 340