Ички иштер министрлиги автоунаага мамлекеттик номурду алдамчылык жол менен колдонгондорго карата айып пулду кѳбѳйтүүнү сунуштап жатат. ИИМ акыркы учурда автоунаанын жасалма же жалган мамлекеттик номур менен байланышкан эреже бузуулары кѳп болуп жатканын жашырган жок.

6 айдын ичинде “Коопсуз шаар” жасалма же жалган номур менен 25миң автоунаа эреже бузганын каттаган. 2019-жылдын жаңы кодексине ылайык бул тармакта эреже бузуу боюнча айып пулдун 5 категориясы каралган. Жѳнѳкѳй адамдар үчүн 10 000, юридикалык жактарга 28 000 сом.

Ошентсе да ИИМ айып пулдун туура ѳлчѳмүн сунуштап мындай ѳлчѳм калыстыкка жатпай каларын айтышты.

“Мындай эреже бузуулар кылмыш болсо жоопкерчиликтен качып кетүүгѳ ѳбѳлгѳ түзѳт” дейт ИИМ.

Буга байланыштуу ИИМдин ѳкүлдѳрү жасалма же жалган мамлекеттик номур менен кармалган жѳнѳкѳй адамдарга 20 000 ден 30 000 ге чейин кѳтѳрүүнү сунуш кылышууда. Бул учурда 5–категорияда эреже бузуу кодекси боюнча 10 00/20 000 сом айып пул мамлекеттик номуру жок жүргѳндѳргѳ же болбосо номурун кандайдыр бир материалдар менен жаап алгандарга ошол боюнча эле калат.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...
Просмотров: 69