Социалдык тармактарда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмө өтүп, ал жерге ич кийимдердин илингени, бабалардын салтына жат жазуулар жазылганы, анан дагы жылаңач айымдарды көрсөтүлгөнү кызуу талкууга алынууда.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков 28-ноябрда Феминалленилердин өткөргөн иш-чарасына атайын комиссия түзүлгөнүн жана аларга карата чара көрүлөрүн билдирди.

Ал эми социалдык тармактарда Нуржигит Кадырбековго карата дагы айтылган сындардын аягы токтой элек. Кадырбековго коомчулук тарабынан айтылган терс пикирлерге өзү мындайча жооп берди: “Мага карата айтылып жаткан коомчулуктагы терс пикирлерге уялып жатам. Элдин ар бир айткан сынын туура көз караш менен кабыл алам. Анткени алар мага ишеним менен карашчу. Анан эле биздин министрликте кыргыздын каада-салтына туура келбеген иш-чара болуп кеткени абдан өкүнүчтүү. Жеке пикиримде да айтат элем. Бул кыргыздын наркын-салтын бузгандыкка барабар. Качан эле бизде кыздар жылаңач денесин көргөзчү эле”, – деп белдирди Нуржигит Кадырбеков.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 126