Кой-Таш боюнча мамлекеттик комиссиясынын корутундусу дагы деле Жогорку Кеңештин профилдик комитетине келген жок. Ал эми комиссиянын тѳрагасы Жеңиш Разаков бардык документтер жиберилгенин кабарлаган.

Парламенттен Kaktus.media га кабарлагандай документтерди жалпы каттар бѳлүмүнѳн кѳрүшкѳн эмес. Бирок корутунду Жогорку Кеңештин тѳрагасына келди.

Документтер анын аппаратында, алардан соң ккук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетине жиберилет. Комитеттин кароосунан ѳткѳн соң, ал депутаттык палатада каралат”– деп билдирет.

Эске сала кетсек 8-августта УКМКнын спецназы А.Атамбаевди үйүнөн кармашкан. Анын тарапташтары Бишкекте башаламандыкты жаратууга аракеттенип, бирок укук коргоо органдары ага жол берген эмес. 9- августта мурдагы президентке Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш козголуп убактылуу кармоочу жайга эки айга калтырышкан.

7-9 –августтарда 136 адам медициналык жардамга кайрылышкан. Алардын ичинен “Альфанын” кызматкери үсѳн Ниязбеков каза болгон. Чүй областтык ИИББ башчысы Самат Курманкулов оор абалда Москвага дарыланууга алып кетишкен. Булар КЖБР ге “Киши өлтүрүү”, “Киши өлтүрүүгѳ аракет кылуу”, “Барымтага алуу”, “Массалык башаламандык”, “Бейбаштык” жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук” статьялары менен катталган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...
Просмотров: 54