Коррупция менен каршы күрөшкөн укук коргоо органдары тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке 1 млрд 909,7 млн сом чогулду. Бул 2018-жылдын 2-июлунан тарта 2019-жылдын 20-ноябрына чейинки көрсөткүч.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бул эсепте экономикалык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кылмыштардан чыгымды калыбына келтирүүгө чогултулган каражат топтолгон.

– Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан 941 млн 517 миң 52,65 сом;

– УКМКдан 332 млн 792 миң 959,11 сом;

– Башкы прокуратурадан 628 млн 307 миң 432,27 сом;

– ИИМден 7 млн 85 миң 821,72 сом чогулган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 87