Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен жеринен абалды билүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине кетишти.

Өкмөт башчы Кумтөр кенинде жоголгон жарандарды издөө боюнча зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

1-декабрда эртең менен «Кумтөрдүн» эки кызматкери – бульдозердин айдоочусу жана түнкү нөөмөттүн кезметчиси жоголгон. Баштапкы маалымат боюнча, кызматкерлер Кумтөрдөгү жер көчкүнүн кесепетинен жабыр тартышы мүмкүн. Учурда аларды издөө иштери жүрүп жатат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 72