Японияда кыргызстандык ресторан ачып, бирок ачылышына эч ким келген эмес. Социалдык тармакта ызаланган Аселдин ыйлаган видеосу тарап, көпчүлүктүн жүрөгүн оорутту.

Жубайлар Асел менен Теру Минагава Фукуока шаарында жашашат. Алар көптөн бери ресторан ачууну кыялданып жүрүп, жаңы тамактануучу жайды ачууга жумалап даярданышкан. Бардык күчүн жумшап жаткандарын социалдык баракчасы аркылуу жарыялап турган.

Көптөн күткөн ачылыш күн да келип, бирок жубайлардын күткөнү акталган жок. Алар күткөндөй бир дагы кардар келбей койгон.

«Мунун баарын кантип таштамак элек, үйгө алып кетем. Конокторду абдан күткөм», – деген Асел көзүнө жаш алды.

Бирок видеону көргөн дүйнөдөгү интернет колдонуучулар Аселди колдоого алган комментарийлерин калтырышууда.

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: