Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинде “Кормилица” деп аталган Эл аралык заманбап искусство көргөзмөсүн өткөрүүгө 45 миң сом төлөнгөн. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууга арналган көргөзмөнү феминисттер 15 күн өткөрүү үчүн музейди 45миң сомго ижарага алышкан.

” Мындай иш-чаралар ар бир маданият министрлигинин мекемелеринде өткөндүктөн, бардыгын көзөмөлгө ала албайбыз”,- деп түшүндүрдү министр.

Ал эми кеткен кемчиликтер үчүн кыргыз элинен кечирим сурап, жоопкерчиликти өз мойнуна алды.

Белгилей кетсек, Кыргыз улуттук сүрөт музейине тебетей илинбей, турсийлерп илинип, жылаңачтанган кыздардын көргөзмөсү коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Макала жактыбы?

НетДа
2
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 200