Коюу туманда Путиндин учагы Бишкекке кантип конгонун учкучтар айтып беришти (ВИДЕО)

Өткөн жумада 29-ноябрь күнү Бишкекте ЖКККУнун саммити өттү. Бийик даражалуу коноктор келип жатканда “Манас” аба майданында коюу туман жаралган. Бирок ага карабастан Россиянын президенти Владимир Путиндин учагы өтө дыкаттык менен жерге конгон. Башкача айтканда тобокелчиликке салган.

“Россия 24” телеканалы аба-ырайынын катаал шартында учкучтар Кыргызстанга кантип конгону тууралуу атайын репортаж жасаган.

“Ушундай коюу туман болгондуктан эбегейсиз чоң ИЛ-96 учагын зорго айырмалай алдык. Президент Путин отурган №1 борту катаал аба-ырайнын шартында өтө дыкат жерге конушкан. Аэропорт 9 сааттан бери бир дагы каттамды кабыл алган эмес, бирок айрымдары тобокечлиликке салууга туура келген“,- деп баяндайт кабарчы.

№1 борттун учкучтарынын айтымында, коноор алдында аба-ырайы ар 10 мүнөт сайын өзгөрүп турган. Ал эми ылдыйлап баштаганда шарт өтө катаалдашкан. Бирок экипаж ага карабастан экипаж конууга даярданып, учак кошумча айлампага түшкөн.

Бул учурда Алматыга учуп кетүүнү ойлонушкан. Бирок акыры Путиндин учагы “Манас” аэропортуна келип конду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь