Кечээ 1-декбарда Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү абагында 23 жаштагы соттолуучу асынып алды. Бул тууралуу Элдик Медиага жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдирди.

Маркумдун денеси күйүп калган. У.Э. аттуу жигиттин жансыз денесине соттук медицина кызматкери жана тергөөчү тарабынан кароо жүргүзүлүп, алдын ала маалыматтар боюнча асынаардын алдында ал тамеки чеккен. Колундагы тамеки өчпөй калып, чогу кийимине тийген. Мындан улам У.Э.нин денесинде анча оор эмес күйүк байкалган деп билдирет ЖАМКдан. Учурда бул окуя суицид деп бааланууда.

23 жаштагы жигит “бейбаштык” жана “баңги затын колдонгону” үчүн 5,6 жылга кесилген. Өзү балдар үйүндө чоңойгондуктан жакындары жок болгон. Анда-санда бир тайэжеси көрүшүүгө келип турган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, соттук медициналык экспертизанын жыйынтыктары күтүлүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
2
Loading...
Просмотров: 420