Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерине карата өкүм чыгарды. Ал Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин мурунку директору Юристанбек Шыгаевден 350 миң сом талап кылганы соттун токтомунда айтылат.

Ушул жылдын 15-майында УКМКнын кызматкери А.Н. Юристанбек Шыгаев менен жолугушкан. Ю.Шыгаев ал учурда аталган музейдин директору болчу. А.Н. музейден болжол менен 1 млн сомго бааланган сүрөттүн уурдалышы боюнча кылмыш иш козголгонун айтып, Шыгаевди коркутуп баштаган. Ал эми сүрөт музейден 2013-жылы уурдалган.

А.Н. ишти оң тарапка чечүү үчүн Шыгаевден 20 миң доллар талап кылган. Ал эми музейдин директору анда мындай суммадагы акча жок экенин, эмгек акысы болгону 18 миң сом экенин айткан. Андан кийин А.Н. акчанын суммасын 5000 долларга (350 миң сом) түшүргөн. Ал акчаны 17 майга чейин берүү керектигин эскерткен.

Аталган күнү А.Н. акчаны алуу үчүн музейге барган. Ал Шыгаевдин иш бөлмөсүнө кирип, акча алып жаткан УКМКнын Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Шектүүгө карата Жазык кодексиндеги 320-берененин 2-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 326-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иш козголуп, Бишкектеги аскер кызматкерлеринин камак үйүнө киргизилген. Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында үй камагына чыгарылган.

Айыпталуучунун күнөөсү далилденип, бирок сот өкүмдү жеңилдетти. Ал буга чейин соттолбогону, биринчи жолу кылмыш жасаганы, жашы жете элек 2 баланын атасы болгону жана чыгымды төлөп берип, жабырлануучу тарап менен элдешкени эске алынды. А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалуу беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 1 жылга пробациялык көзөмөл менен бошотулду. Ошондой эле ага 50 миң сом айып салынды.

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Комментарии

  1. An interesting discussion is definitely worth comment.

    I believe that you should write more on this issue, it might not be a taboo
    matter but generally people do not speak about such issues.
    To the next! Cheers!!

    Feel free to surf to my website; hosting services

  2. Have you ever considered about adding a little bit
    more than just your articles? I mean, what you say is important and all.
    But imagine if you added some great graphics or videos to give your posts
    more, “pop”! Your content is excellent but with pics and videos, this site could definitely be one of the greatest in its field.
    Excellent blog!

    my site: web hosting companies

  3. This design is wicked! You most certainly know how to keep a reader
    entertained. Between your wit and your videos, I was almost moved
    to start my own blog (well, almost…HaHa!) Fantastic job.
    I really loved what you had to say, and more than that, how you presented it.
    Too cool!

    My web site … cheap flights

  4. I am extremely impressed with your writing skills as well as with the layout on your blog.
    Is this a paid theme or did you modify it yourself?
    Either way keep up the excellent quality writing, it’s rare to see a great blog like this one today.

    My web-site … black mass

  5. Hey very cool site!! Man .. Excellent .. Amazing
    .. I will bookmark your blog and take the
    feeds additionally? I am satisfied to search out a lot of helpful info right here within the submit, we want work out more strategies on this regard,
    thank you for sharing. . . . . .

    My web-site webhosting

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 189