Шаршемби күнү күндүз Бишкекте “унааларсыз күнүн” жарыялоо сунушталды. Жарандык активист Константин Конкин мындай билдирүүсүн Facebook баракчасы аркылуу жазды.

Консантин Конкин бул күнү унааларды токтотуп, такси чакырбастан коомдук транспорттордо же жөө жүрүүгө чакырат.

“Бизде шаар кичинекей. Бир жарым саатта жетсе болот, ага кошумча коомдук транспорт бар. Муну менен экологияга кандай таасир берээрин көрөбүз “,- деп жазат.

Белгилей кетсек, «МувГрин» кыймылы Бишкекке абанын тазалыгын текшере турчу жабдык орноткон. Тиркеме аркылуу ар күнү каалаган учурда абанын курамын билсе болот.

 

Макала жактыбы?

НетДа
8
0
Loading...
Просмотров: 92