Бүгүн 3-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов УКМКга сурак берүүгө келди.  Депутат “Азаттыктын” журналисттик иликтөөсүнүн алкагында күбө катары суралып жатат.

Эске салсак кечээ, депутат Дүйшөн Төрөкулов дагы аталган иш боюнча УКМКда сурак берип чыккан.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүгү (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

 

Белгилей кетсек, Алтынбек Сулайманов Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити менен тааныштыгы бар экенин мойнуна алган. Ал эми аны Айэркен Саймаитиге байланыштырып чыккан маалыматтарды кимдир бирөөлөр каралоо үчүн уюштуруп жатат деп баалап, парламентте Саймаитинин өлүтүрүлүшүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: