«Кумтөр» кенинде жоголгон эки кызматкерди издөө уланып жатат. Жалпысынан издөө иштерине 94 куткаруучу тартылды.

Маалыматка ылайык, учурда жеринде 18 оор техника иштеп жатат. Альпинисттер дагы издөө иштерине кошулган.

«Кескин түрдө жылган үйүлгөн жараксыз катмардын жалпы аянты – узуну 450 метр, туурасы 570 метр, бийиктиги 50 метр, жалпы көлөмү 12,825 миң куб метр. Дайынсыз болуп жаткан эки адамдын болжолдуу калган жерлери адистер тарабынан аныкталды», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кенде болгон кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана жоголгон эки кызматкерди издөө боюнча атайын штаб түзүлдү.

Белгилей кетсек, тоо кен бөлүмүнүн мастерлеринин бири О.Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж.Жунушов дайынсыз болууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: