“Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош облусунда Н.Ы.Ж. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражатын токтотуп текшерген. Натыйжада Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 9464 килограмм жүзүм табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан маалымдады.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБдин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын жалпы наркы 664 580 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: