Чечинип алып денесин көрсөтүп, ич кийимин музейге илгендерди колдоп барган Роза Отунбаева “экс-президенттик” макамынан ажыратылсын! Мындай пикирин жарандык активист Назира Бегим фейсбук баракчасы аркылуу билдирип чыкты.

Анын айтымында, батыштын булганыч идеологиясын кыргызга сиӊирүүгө аракет кылган күчтөр активдүү иштеп баштады. Буга мисал катары Гапар Айтиев атындагы музейдеги иш-чараны алган.

” 25-ноябрда митингге чыккан феминисттер, балкончиктер жана НПОчу активисттер Гапар Айтиев атындагы музейге иш-чара кылышты. Болгондо дагы куттуу музейге ич кийимдерин илип, энеден туума жылаӊачтанып, муну демократиянын жемиши жана аял-затынын эркиндиги катары даӊазалашты. Мындай жийиркеничтүү иш-чарага Экс-президент Роза Отунбаева барып катышты. Бир кезде улуттун энеси болгон аял катары “койгула жаштар, мындай биздин салтка туура келбейт”-деп айтуунун ордуна, аларга дем берип, ырсайып алып сүрөткө түшүп жүрдү. Мындай осол ишке аралашканы үчүн Отунбаева эл тарабынан жазаланышы керек. Улутка, келечек муунга коркунуч жараткан иш-чарага катышкандыгы үчүн, Роза Отунбаеванын “экс-президент” макамын ажыратууну сунуштайм. Керек болсо бул үчүн кол топтоп, иш алып баруубуз керек деп эсептейм“,- деп жазат Назира Бегим.

 

Чечинип алып денесин көрсөтүп, ич кийимин музейге илгендерди колдоп барган Роза Отунбаева “экс-президенттик” макамынан…

Опубликовано Назирой Бегим Понедельник, 2 декабря 2019 г.

 

Макала жактыбы?

НетДа
11
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: