Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жасалма акча жасап жана аны колдонгон деген шек менен үч бала кармалды.

Маалыматка ылайык 27-28-ноябрларда Токтогул районун ИИБне бир нече арыздануулар келип түшкѳн. Алардын айтымында 20-25 жаштар чамасындагы балдар базарда 200-500 сомго соода кылышып, 2000 сом беришкен. Арткан кайрымын алып жүрүшкѳн. Тургундар билгилегендей ал 2000 сомдук акчалар жасалма болуп чыккан. Мындан улам уку коргоо органдарынан жигиттерге карата чара колдонууну ѳтүнүшкѳн.

Бул окуя КЖБРге катталып, 225-берене менен (жасалма акча жана баалу кагаздарды жазоо) сотко чейинки өңдүрүш иштер башталган.  Териштирүүнүн жүрүшүндѳ 2001–жылы туулган Т.К жана анын достору О.С, М.У лар кармалган. Алардан жасалма 2000 сом акча табышкан.

Т.К убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, калган экѳѳ болсо үй камагында. Тергѳѳ жүрүп жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: