Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги феминнале уланууда, бирок айрым чуу жараткан чагымчыл экспонаттар көргөзмөдөн алынды. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бүгүн 3-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министр коомдо катуу талкуу жараткан окуянын болуп кеткендигине өкүнүп жаткандыгын мойнуна алды. Жаманкуловдун айтымында, коомчулук феминалеге каршы жана макул болуп экиге бөлүнүп жатышат. Бирок бул жагдайда уткандар дагы, утулгандар дагы болгон жок деп белгилейт.

Аталган министрликтин башчысы феминналени уюштурууга жана аны ачууга каршы болгон эмес.

Ал эми феминисттер дүйнөдө колдонулуп келген сүрөттөрдү көргөзмөдөн алып, адам укугун бузуп жатасыңар деген ойлорун ачык айтышты.

Сүрөт көргөзмөдөн алынып салынган ич кийим өңдүү айрым экспонаттарды феминисттер замбилге көтөрүп алып кетишти.

Мамлекеттик цензура эч кандай чекти билбейт, маданият министрлиги өздөрү мыйзамды билбейт”,-деген ураандар менен нааразылыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкекте алгачкы жолу заманбап феминнале искусствосу өтүп, анда 22 өлкөдөн келген 56 сүрөтчүлөрдүн эмгеги коюлган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: