Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азырынча «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүнүн алкагында келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө органдарына суракка чакыртма ала элек. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

” Өкмөт башчы башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр жүргүзүүнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан талап кылат. Албетте, Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл болгон шартта тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр”,- деп маалымат таратты.

Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирген. Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Абылгазив президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү катары тергөөнүн суроолоруна жооп берет. Мындан тышкары Фарид Ниязов, Турдуназир Бекбоев жана башкалар бар.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 51