Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өткөн көргөзмөдө кыздар жылаңачтанып жүргөнүн чагылдырган видео айрым жарандардын катуу нааразычылыгын жараткан. Мындан улам бул чуунун аркасынан музейдин жетекчиси Мира Жангарачева кызматынан бошотулду.

Бирок укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жангарачеваны “эки аял жылаңач чыкты деп кызматтан кетирүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле” деген пикирин Супер.кж порталына билдирген. Ошондой эле бул музейдеги феминнале боюнча өзүнө дагы жооп ала албаган бир топ суроолору бар экенин ортого салды.

“Мира Жангарачева өзү арыз жазып, кызматтан кетти. Эки аялдын жылаңач болуп чечингенинен ким жабыр тартты? “Кырк чоробу” же мен сыйлаган Төрөхан Жунусбеков менен Мелис Аспековбу? Алар кантип жабыр тартты? Экинчи жагынан карасак, акцияны уюштургандардын максаты эмне болгон? Алар кандай максат менен эки аялды жылаңачтанткан? Ал жерде жаш балдар, өспүрүмдөр бар экен. Акциянын жыйынтыгында бир нерсени күтүш керек да. Алар чындыгында элдин кыжырданышын каалаштыбы? Же алар “өзүбүздүн денебиз кааласак жылаңач жүрүп алабыз, кааласак кийинип алабыз” деген ойлорду айткылары келдиби? Акыркы жыйынтыгына ишене албай жатам. Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын көйгөйүн сөзсүз эле эки аял жылаңач болуп чыгып көрсөтүшү керек беле? Мына ушундай суроолор менде да бар.

Бул иш-чараны Мира Жангарачева уюштурган эмес болушу керек. Ал мамлекеттик деңгээлде көп кызмат кылган, билимдүү айым. Жангарачева музейге келгенден кийин жакшы жылыштар болуп жатканы байкалган. Аны эки аял жылаңач чыкты деп кызматтан кетирүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле?”, – дейт Азиза Абдирасулова.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: