Иллюстрациялык сүрөт

24-ноябрь күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Амантур, Бойка, Нупу, Боко каймана аттуу атуулдар шериктери менен Аксы районунун Кербен шаарынын борборунда жайгашкан “Талант” автосервисине дубалдан ашып киришип, Т.К. аттуу жаранга белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал такашып, жабырлануучуну “сен уурдалган автоунааларды сатат экенсиң, бизге, общакка 500 000 сом бересиң” деп опузалап акча талап кылышкан. Андан соң Кербен шаарынын четине автоунаа менен алып чыгышып, “болбосо өлтүрүп коебуз” деп коркутушкан.

Бул окуя боюнча жабырлануучунун арызы 25-ноябрда Жалал-Абад ОИИБнин КЖБРне “Опузалап талап кылуу” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуну опузалап коркуткан учурда “Ноокен районундагы үйүмдө 300 000 сом акчам бар ошону берем” – деп, Кербен шаарынан чыгып келе жатканда бензин куябыз деп капчыгындагы 7500 сом акчасын Бойка “баарын бере берчи” деп алып койгондугу, Таш- Көмүр шаарына жеткенде Бойка дагы тапанча менен оозуна такап, “алдасаң жердин түбүнөн болсо да таап алабыз” деп коркуткандыгы, ал эми Ноокен районундагы үйүнө келип короосуна кирген учурда Т.К каракчылардын колунан качып, кутулуп кеткендиги белгилүү болгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары, мурда бир нече жолу соттолуп чыккан, Өзгөн районунун тургуну 1994-ж.т. А.А. (Бойка), Аксы районунун тургундары 1995-ж.т. С.Н. (Нупу) жана 1999-ж.т. С.А. ошондой эле Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1997-ж.т А.К. (Боко) кармалышып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Азыркы убакта алардын башка да жасаган кылмыш иштерин аныктоо максатында тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул жарандардан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБнин нөөмөт бөлүмүнө (03722-7-05-30) же Криминалдык милиция кызматына (0778) 11 78 11, (0553) 33 18 33 байланышса болот деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 548