Депутат Адыл Жунус уулу декларацияда тоо-кен өндүргөн бизнесин жашырган

236

Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулу салык декларациясында ишкерлиги тууралуу жашырып койгон. Бул тууралуу  Factcheck.kg маалымдайт. 

Сайттын билдиргениндей парламентарийдин жеке кирешелер жана кыймылсыз мүлктөрү тууралуу Салык кызматына берген эсеп кысабында “Норсвет Майнинг Компани” ЖЧКсынын тоо-кен өндүрүүчү  компаниясындагы үлүштөрүн көрсөткөн эмес.

Журналисттер Жунус уулунун 2015-2016-2017- жылдагы үч декларациясын текшеришкен. Анда ал расмий айлык маянасын гана жана кыймылсыз мүлкүндө 2006- жылы чыгарылган”Лексус GX470″ автоунаасын көрсөткөн.

Депутаттын бир туугандарынын байлыгы бир топ көбүрөөк болуп чыкты. Алардын 39, 70 жана 716 чарчы метр аянттагы үйү, 66 чарчы метр аянт батири жана айыл чарба багытындагы эмес үч жер тилкеси 0,5 , 1,9 , 0,2 гектар бар. Мындан сырткары капиталдык курулуп жаткан же түзүлүп жаткан 2 миң 627 квадрат метр жер тилкеси бар.

” Адыл Жунус уулунун Салык кызматына көрсөткөн отчетунда эч кандай бизнеси жок болгон, бирок бул чындыкка дал келбейт”, -деп жазат басылма.

Юстиция министирлигиндеги маалыматка ылайык Адис Жунус уулу “Норсвет Майнинг Компани” ЖЧКнын жалгыз негиздөөчүсү болуп келет. Адыл Жунус уулу Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда, компания 2017-жылы 14-августта кайрадан каттоодон өткөн.

“Фирманын ээси экөө. Депутаттан сырткары аны “Грейт Норсвест Майнинг Компани” да башкарып келет. Негизги киреше табуу жолу баалуу металлдарды казуу болуп саналат.”

Бул компания 2013-2018-жылдарга бюджетке 13 миллион сом салык төлөгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь