Коомдук ишмер Кадыр Кошалиев “Өмүрбек Текебаевдин баш мыйзамынан баш тарталы!” деген пикирин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Кечээ Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачарында текеберденип, “айылдыктар маданиятыңарды көтөргүлө, биз силердин деңгээлиңерге түшпөйбүз”-деген сөзү бекеринен ал жерде айтылган жок. Бул эки саясатчынын максаты, кызыкчылыктары, жем жеген, отчет берер жерлери бир. Улуттук уңгудан ажыратып, адам укугуна шыкалган Баш мыйзам кыргыз коомун талкалаш үчүн кабыл алынган. Урматтуу мекендештер! Баардык балээнин башаты, угуту болгон Текебаевдин Баш мыйзамынан баш тартуу РЕАКЦИЯСЫН баштоону калың элге сунуштайм!“,- деп билдирүү жазган.

Эске салсак, Роза Отунбаеванын чуу жараткан музейдеги көргөзмө боюнча пикири учурда коомдо кызуу талкуу алынды.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: