Кылычев, Кодуранова, Карамушкина 2020-жылга чейин үй камагында калтырылды

Биринчи май райондук соту А.Атамбаевдин мурдагы тарапташы Алга Кылычевди 2020-жылдын 9-февралына чейин үй камагында калтырды. Бул тууралуу КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева кабарлады.

Эрежеге ылайык ал 22:00 дөн 06:00гө чейин үйүндө болушу абзел.

Мындан тышкары эки депутат Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова дагы үй камагында калды. Соттун чечимине ылайык депутаттардын баш коргоо чарасы 9-февралга чейин күчүндө болот.

Эске салсак депутаттар 7-августта А.Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө барымтага алуу боюнча кылмыш ишке тиешеси бар деп айыпталган.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь