Министр Мира Жангарачеваны кайра кызматка алууну карап көрөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жетекчилигине эки талапкери бар. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, жакынкы убакытта ылайыктуу талапкерди карап, кадрдык чечим кабыл алат. Азырынча бул кызматка кимдер көрсөтүлүп жатканы ачыкталган жок.

Ал эми музейдин эмгек жамаатынын, КР Сүрөтчүлөр союзунун жана айрым даражалуу адамдардын өтүнүчү эске алынып Мира Жангарачеванын бул кызматка кайтып келүүсү мүмкүнбү деген суроого Жаманкулов төмөндөгүдөй жооп берди:

“Эгер Мира Жангарачева Көркөм сүрөт музейинин жетекчилик кызматына документтерин өткөрсө, биз аны сөзсүз карайбыз деп убадалайм. Бул кызматка талапкерлигин коюуга толук акысы бар”, -деп белгилейт министр.

Ошондой эле, эгер бул окуя болуп кетпегенде башка директорду издемек эмеспиз дейт Азамат Жаманкулов.

“Мира Джангарачева —жакшы кыматкер. Мен аны өзүм тандагам. Музейдин директору болууга мен көрсөткөм”, -деп кошумчалады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь