“Кыргыздын каада-салты,өнөрү, маданияты көргөзмөдө жылаңач аял чыккандан бузулуп кетпейт. Андан асман жерге түшүп кетпейт.” Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз билдирди.
 
“ Мен өзүм аталган көргөзмөгө катышкан жокмун. Эгерде катышсам, чынында бийик искусство барбы аны айтып бере алмакмын. Он кадам баскан аял биздин салтыбызга же тилибизге кедергисин тийгизбейт“,-деген ойдо депутат.
Ошондой эле элди сабыр кылганды үйрөнүүгө, коомдогу маанилүү маселелерге көңүл бурганды үйрөнүүгө чакырды. 
Ушул сыяктуу майда барат нерселер чоң көйгөйлүү проблемалардан элдин көңүлүн алагды кылып келет. А балким атайы жасалып жаткан аракеттерби деген ой пайда болбой койбойт”,-деди эл өкүлү.

Макала жактыбы?

НетДа
11
67
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 1 500