Чубак ажы: Колдоп жаткандар өздөрү жылаңач чыгып ары-бери басса (ВИДЕО)

Коомдо терс маанай менен коштолгон көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмө боюнча Чубак ажы Жалилов өз оюн айтты. Анын пикиринде бул жерде эч кандай баалуулук жок, болгону көр тириликтин айынан болуп жатат. Бул окуяны уятсыздык, нарксыздык, жүзү жоктук, элге болгон душмандык катары баалса болот деп эсептейт.

“Кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” дегендей, бардыгын жылаңач секиртип атат. Анткени алар келген тыйындарды акташ керек болду да. Мен айтат элем, колдоп жаткандар өздөрү жылаңачтанып басса деп. Жок алар анткиси келбейт. Өздөрүнүн тагдырын бузгусу келбейт, башка бирөөлөр аркылуу элдин тагдырын бузуп жатат. Мен аларды элди туңгуюкка түртүп жаткан адамдар деп айтат элем“, -дейт дин аалымы.

= Өзүлөрү жылаңач чыксын.Шейх Чубак ажы

Опубликовано Шекербеком Салиевым Вторник, 3 декабря 2019 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь