Өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери мыйзамсыз аркар аткан броконьерди кармашты.

Окуя Ысык Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болгон.

Мергенчи ошол аймактын тургуну Талып Бейшебаев болуп чыкты. Аны кармап куралын жана өлгөн аркарды алуу ишинде ал каршылык көрсөтүп, кызматкерлерди курал менен коркутуп, кылмыш ишине протокол түзүүгө жол берген эмес”- деп билдирет аталган агенттиктен. 

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери барганга чейин кылмышкер атын минип аркардын денесин артып алып жашынып калган. Бир нече убакыт өткөн соң кылмышкер өзүнун таанышы менен келип курал менен коркутуп кызматкерлерди жана мергенчини барымтага алып кылмыштын изин жашыруу үчүн уюлдук телефондорун алып андагы видео жазууларды өчүрүп салган.

Найтыжада аталган департаменттин кызматкрелри Жети-Өгүз РИИБне кайрылып кыллмышкер кармалган. Ага 1 миллион сом айып салынып андан сырткары баш ийбегендиги жана курал менен коркуткандыгы үчүн кылмыш иштери козголот.

Эске салсак 2017- жылы жаныбарларга келтирилген зыяндуулукка айып жаңыланган: мыйзамсыз аркар, марал, аюу колдонууда 1 000 000 сом. Мыйзамсыз ак илбирс колдонууда 1 500 000 сом. Мыйзамсыз тоо эчки колдонууда 100 000 сом, мадылды, түркестан сүлөөсүнүн колдонууда 50 000 сом.

Макала жактыбы?

НетДа
6
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: