Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы офицерлери Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбековго издөө жарыяланды. Бул тууралуу аталган кызматтын төрагасынын орун басары Абдикарим Алимбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эки офицерди издөөнү чек ара кызматы жүргүзгөн. Бирок бир канча күн издеп аларды Кыргызстандын аймагынан тапкан эмеспиз. Азыркы учурда Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алар азыркы учурда өлкөдөн чыгып кеткен”, – деди Абдикарим Алимбаев.

Издөөдөгү эки офицер Кыргызстандан аткезчилик жол менен чыгып кеткен акчалар боюнча «Азаттык» радиосунун иликтөөсүнө маек беришкен. Көрсөтүүдө 2018-жылдын аягында “Манас” аэропортундагы көзөмөл-өткөрүү бекетине кезек башчылыкка бекитилишкенин, иштеп жаткан убакта мыйзамсыз акчалар миллиондоп аэропорттон эле мыйзамсыз сыртка ташылып тураарын билип, ага каршы иликтөө иштерин баштаганда кызматтан алынышканын айтып беришкен.

Ал эми бул боюнча Абдикарим Алимбаев жооп берип “эгер кызматкерлер мыйзамсыз иштерди, коррупциялык көрүнүштү байкаса алгач жетекчиликке, Аскер прокуратурасына жана укук коргоо кызматкерлерине кайрылышы керек болчу” деди.

Бирок буга чейин кол алдындагы кызматкерлер “аткезчилик” болуп жатат деп бир да жолу кайрыла элек. Дагы бир суроо жараткан маселе бүгүнкү маалымат жыйында баардык өткөрүү пунктуна атайын камералар коюлганын айтып беришти. Көзөмөл күчөтүү үчүн камераларды башкы кеңседе жетекчилик онлайн көрүп тургудай шарт бар деп ишендирди. Демек Айбек Камчыбеков менен Марлис Осмонбеков Кыргызстандан качан чыгып кеткенин билбеген чек ара кызматты аларды калкалоодобу же камералары туура эмес иштейби?

Алар коррупция боюнча биринчи бизге айтыш керек болчу! Чек ара кызматы издөөдөгү офицерлер боюнча үн катты!

Алар коррупция боюнча биринчи бизге айтыш керек болчу! Чек ара кызматынын төраганын орун басары издөөдөгү офицерлер боюнча үн катты!

Опубліковано Элдик медиа Дадим слово каждому Четвер, 5 грудня 2019 р.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: