Бишкекте уурулук кылганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, 26-августта Ленин РИИБге Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну үйүнөн электрошокер жана 4 миң сом акчасын алып чыгып кетишкенин айтып арыз менен кайрылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектелип 2001-жылы туулган Ж.Б. жана 2000-жылы туулган Ж.М. кармалды.

Учурда  кошумча тергөө аракеттерин жана ыкчам иш-чаранын алкагында сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: