Гүлчө айылындагы аскер бөлүгүнүн кургактагы аскер кызматкери токко урунуп, денесинин 80 пайызы күйүк алды. Генералдык штабдан белгилегендей жабырлануучунун абалы канааттандырарлык.

4-декабрь күнү келишимдик негиздеги жоокер тактикалык талаасынан кайтып келе жатканда, жогорку чыңалуудагы линиянын астынан өтүп токко урунган. Анын аркасында электр нурун кармай турчу радиостанция болгон. Жабыркаган аскер кызматкери ооруканада.

“Окуя боюнча Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасына маалымдалды. Кызматтык иликтөө жүрүүдө”,- деп билдирди Генералдык штабдан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 240