Бишкекте өтүп жаткан феминнале иш-чарасындагы айрым экспонаттар боюнча маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлдү.

Депутат Курманкул Зулушев күч органдары ал көргөзмөдө экспонат катары жылаңач аял чыкканы үчүн жоопкерчилик каралышы керек деп эсептейт:

“Жылаңачтанып басуу – аял үчүн абийирин ачып көрсөтүү. Биз бала кезден баарыбыз билебиз – аял киши жылаңач басмак түгүл ич кийимин көрүнө жайган эмес. Демек, коомчулук дүрбөлөң түшкөнүнө маани беришибиз керек. Биздин укук коргоо органдары буга кандай мыйзамдуу баа берип жатат? Мыйзамдуу баасын алышыбыз керек. Бузуулар кодекси менен жоопко тартып жатабы же Жоруктар кодекси мененби? Бизге жооп берсин”,-деди.

Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укугун коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири – денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

Булак: “Азаттык”

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: